Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ЦУМда оңдолгон iPhone телефондорун сатуу схемасы аныкталды

Бишкекте "Мостовой" дүкөндөрүндө iPhone телефондорун колго жасалма жол менен өзгөртүп сатуу схемасы аныкталды. Телефондордун эс тутуму көбөйтүлүп, жасалма стикерлер менен сатылган. Жарандарыбызга телефондорду текшерүү сунушталат. 📱 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ички рынокто iPhone телефондорун колго жасалма ыкма менен өзгөртүп сатуу схемасын аныктады. 🔍 «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери жана телефон оңдоочу усталар жаңы 256 GB көлөмүндөгү түзмөктөрдү ачып, микросхемаларды алмаштыруу жолу менен эс тутумун 1 TB га чейин көбөйтүп жатышкан. 📦 Өзгөртүлгөн телефондор кайрадан кутуларга салынып, Бишкектеги типографияларда жасалган жасалма заводдук стикерлер менен жабылып, жаңы жана ачылбаган көрүнүшкө келтирилип сатылган. 💸 Мындай телефондор «Мостовой» соода түйүндөрүндө, ошондой эле ЦУМ «Айчурек» жана ГУМдагы башка дүкөндөрдө жогорку баада сатылган. 🔍 ГКНБ «Мостовой» түйүндөрүнөн iPhone сатып алган жарандарды түзмөктөрдү iUnlocker сайты аркылуу заводдук парамет

Бишкекте "Мостовой" дүкөндөрүндө iPhone телефондорун колго жасалма жол менен өзгөртүп сатуу схемасы аныкталды. Телефондордун эс тутуму көбөйтүлүп, жасалма стикерлер менен сатылган. Жарандарыбызга телефондорду текшерүү сунушталат.

📱 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ички рынокто iPhone телефондорун колго жасалма ыкма менен өзгөртүп сатуу схемасын аныктады.

🔍 «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери жана телефон оңдоочу усталар жаңы 256 GB көлөмүндөгү түзмөктөрдү ачып, микросхемаларды алмаштыруу жолу менен эс тутумун 1 TB га чейин көбөйтүп жатышкан.

📦 Өзгөртүлгөн телефондор кайрадан кутуларга салынып, Бишкектеги типографияларда жасалган жасалма заводдук стикерлер менен жабылып, жаңы жана ачылбаган көрүнүшкө келтирилип сатылган.

💸 Мындай телефондор «Мостовой» соода түйүндөрүндө, ошондой эле ЦУМ «Айчурек» жана ГУМдагы башка дүкөндөрдө жогорку баада сатылган.

🔍 ГКНБ «Мостовой» түйүндөрүнөн iPhone сатып алган жарандарды түзмөктөрдү iUnlocker сайты аркылуу заводдук параметрлерге туура келер-келбесин текшерүүнү сунуштайт. Эгерде айырмачылыктар табылса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, жарандар 0 995 300 871 телефонуна кайрылууну сунушташат.