Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Быйыл Кыргызстан мектептеринде 1,5 миллион окуучу билим алат.

Кыргызстандагы мектептерде 1,5 миллиондон ашуун бала билим алат. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү пландалууда. Жаңы стандарттар жана окуу программалары киргизилүүдө, мугалимдер даярдыктан өтүп жатышат.

📚 Кыргызстанда жаңы окуу жылында 1,5 миллиондон ашуун бала мектепте билим алат.

🏫 Өлкө боюнча 2 394 мектеп иштеп жатат, анын ичинен 224 жеке менчик мектептер.

📘 “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү башталды.

👩‍🏫 Жай мезгилинде он миңдеген мугалимдер жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча тренингдерден өтүштү.

👨‍🎓 2025-жылы 1 222 жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү мектептерде мугалимдик ишин баштайт.

💻 Мугалимдерге 27 миңден ашуун “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылат.