Максат Жумаев Кыргызфильм киностудиясынын директору болуп дайындалды. Ал режиссер, продюсер жана сценарист катары көптөгөн кыргыз тасмаларын жараткан. 🎬 Максат Жумаев Улуттук киностудия «Кыргызфильм» Т.Океев атындагы директору болуп дайындалды. 👤 Жумаев Максат Медербекович 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында төрөлгөн. 🎓 Ал жогорку билимге ээ болуп, Нарын мамлекеттик университетин «Автоматташтырылган маалымат жана башкаруу системаларын иштеп чыгуу» багыты боюнча аяктаган. 🎥 2016-жылдан бери «Asman cinema production» компаниясында режиссер, продюсер жана сценарист болуп иштеп келген. 📽 Максат Жумаев көптөгөн ата мекендик көркөм фильмдердин режиссеру, продюсери жана сценаристи болуп саналат.