Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Президент Ысык-Көл облусундагы ири «Ала-Тоо Резорт» лыжа кластерынын курулушун баштады.

Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" горнолыжный кластеринин курулушуна капсула коюу аземине катышты. Бул долбоор Кыргызстандын экономикасына жана туризмине чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Жапаров долбоордун эл аралык деңгээлде иштешине ишеним артып, ал жергиликтүү жашоочулар үчүн киреше булагы жана жаштар үчүн стимул болорун белгиледи. 🌄 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушуна капсула коюу аземине катышты. 🚠 “Ала-Тоо Резорт” – бул туристтик комплекс гана эмес, улуттук экономиканын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, регионалдык өнүгүүгө жаңы дем берүүчү масштабдуу долбоор болуп саналат. 🌍 Долбоор бүткөндөн кийин, “Ала-Тоо Резорт” Борбордук Азиядагы эң ири эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа жана экотуризм кластерине айланат. 🛣 Караколдон курортко чейин төрт тилкелүү жол курулуп, кийинки жылдын күз айларына чейин толугу менен асфальтталып бүтөт. 🚁 Каракол аэропортунан курортко чейин тик учак ка

Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" горнолыжный кластеринин курулушуна капсула коюу аземине катышты. Бул долбоор Кыргызстандын экономикасына жана туризмине чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Жапаров долбоордун эл аралык деңгээлде иштешине ишеним артып, ал жергиликтүү жашоочулар үчүн киреше булагы жана жаштар үчүн стимул болорун белгиледи.

🌄 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушуна капсула коюу аземине катышты.

🚠 “Ала-Тоо Резорт” – бул туристтик комплекс гана эмес, улуттук экономиканын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, регионалдык өнүгүүгө жаңы дем берүүчү масштабдуу долбоор болуп саналат.

🌍 Долбоор бүткөндөн кийин, “Ала-Тоо Резорт” Борбордук Азиядагы эң ири эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа жана экотуризм кластерине айланат.

🛣 Караколдон курортко чейин төрт тилкелүү жол курулуп, кийинки жылдын күз айларына чейин толугу менен асфальтталып бүтөт.

🚁 Каракол аэропортунан курортко чейин тик учак каттамы уюштурулуп, жарандар жана чет элдик туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

🏔 Курортто 250 чакырым лыжа трассалары, 4 чакырымдык заманбап канат жолдор, 4 миң унаа токтоочу жайлар, этноайылдар, ден соолукту чыңдоочу борборлор жана мейманканалар курулат.

👷‍♂️ Курорт жылына эки миллионго чейин туристтерди кабыл алып, беш миң туруктуу жумуш орундарын түзөт.

🌱 Долбоор эл аралык экологиялык стандарттарды сактоо менен ишке ашырылып, табигый жана жасалма кардын аркасында курорт жети айга чейин иштей алат.

🤝 Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо Резорт” долбоорун улуттук долбоорго айландырууга жана Кыргызстанды келечекке карай алдыга жылдырууга чакырды.