Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттик чет элдик номерлери бар унаалардын ээлерин 2025-жылдын 1-октябрына чейин унааларды легалдаштыруу процедурасынан өтүүгө чакырат. 🚗 Кыргызстанда чет элдик номерлору бар унааларды мыйзамдаштыруу боюнча ири кампания жүрүп жатат. Бардык унаа ээлери 2025-жылдын 1-октябрына чейин бул процедураны бүтүрүшү керек. 📅 Бул кампания 2025-жылдын 1-апрелинен баштап башталган жана 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген унааларды камтыйт. 🔢 Мыйзамдаштырылган унааларга 10-региондун мамлекеттик номерлери берилет жана аларды Кыргызстандын чегинен чыгарууга же сатууга болбойт. 🚕 Мындай унааларды такси катары колдонууга тыюу салынат. 📌 Бул чаралар өлкөдө унааларды каттоо жана көзөмөлдөө системасын жакшыртуу максатында киргизилген.
Чет элдик номерлору бар авто ээлери транспортту 1-октябрга чейин мыйзамдаштырышы керек.
8 августа 20258 авг 2025
~1 мин