Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Джалал-Абаддагы мунай иштетүүчү заводдун модернизациясы жүрүп жатат. Аталган иш-чара аяктагандан кийин завод АИ-92, АИ-95 бензиндерин жана К4, К5 класстагы экологиялык стандарттарга жооп берген дизелдик отунду өндүрөт. Заводду жаңыртуу 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. 🛠️ Джалал-Абад облусундагы мунай иштетүүчү заводдун модернизациясы активдүү жүрүп жатат. 🏗️ “Кыргызнефтегаз” жана “Кыргыз Петролеум Компани” жетекчилери долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөп жатышат. Учурда жер иштери аяктап, фундамент куюлуп, темир резервуарлар орнотулууда. 🔧 Подрядчик керектүү жабдууларды сатып алып, даярдоодо. Бардык курулуш жана инженердик иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. ⛽ Заводдун модернизациясы аяктагандан кийин АИ-92 жана АИ-95 бензиндери, ошондой эле ЕАЭСтин К4 жана К5 класстарына жооп берген дизель отуну өндүрүлөт. 📅 Заводдун жаңылануусу 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.
Жалал-Абадда завод ЕАЭБ стандартындагы АИ-92, АИ-95 бензин жана дизель отунун чыгара баштайт.
7 августа 20257 авг 2025
~1 мин