Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. «Жылуу-Суу» ден соолукту чыңдоочу борборуна 4 км жол толугу менен асфальтталат. Бул иш-чара жергиликтүү тургундарга жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын туристтик потенциалын жогорулатат. 🚧 Жылуу-Суу ден соолук борборуна баруучу жол толугу менен асфальтталып бүтөт. 🛤️ Жолдун жалпы узундугу 4 чакырымды түзөт, учурда 3 чакырымында жолдун негизин даярдоо жана чуңкурларды толтуруу иштери жүрүп жатат. 🏗️ Орточо тереңдиги 1 метр болгон бул чуңкурларды толтуруу иштерин №10 жол-эксплуатация ишканасы аткарууда. 🌍 Жылуу-Суу ден соолук борборуна жол курулушу айыл тургундарына гана эмес, чет элдик конокторго, ички туристтерге жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзөт. 📈 Бул аймактын туристтик потенциалын жогорулатып, анын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
«Жылуу-Суу» ден соолукту чыңдоочу борборуна баруучу жол толугу менен асфальтталат
6 августа 20256 авг 2025
~1 мин