Москвада КМШ мамлекеттеринин Куралдуу Күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндары ачылып, ага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер кызматкерлери катышууда. 🇰🇬 Москвада Поклонная тоосундагы Улуу Ата Мекендик согуш музейинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрүнүн IV Аскердик-спорттук оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. 🎖️ Бул иш-чара совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгын белгилөө алкагында өткөрүлүүдө жана бул маараке мурдагы СССР мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда кеңири белгиленет. 🤝 Оюндарга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген аскер кызматкерлери-спортчулар катышат. 🥋 IV Оюндардын алкагында армиялык мушташ, офицердик үч түрдүү мелдеш, самбо, гиря спорту жана штаттык куралдан атууда күч сынашат. 🏅 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн делегациясын полковник Мирлан Исмаилов жетектеп, биздин спортчулар бардык спорттук программ
Москвада КМШ мамлекеттеринин Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик-спорттук оюндары өтүүдө
6 августа 20256 авг 2025
~1 мин