Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов Афинада өткөн U-17 дүйнөлүк чемпионатында финалга чыкты. Ал 55 кг салмак категориясында Нурали Аскар менен алтын үчүн күрөшөт. 🏅 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаш спортчусу Альхам Абдирасулов Афинада өтүп жаткан 17 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. 🤼♂️ Альхам Абдирасулов 55 кг салмак категориясында Кыргызстандын атынан чыгууда. 🇰🇿 Алтын медаль үчүн финалда казакстандык Нурали Аскар менен беттешет. 🇮🇳 28-июлда Альхам индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды. ⏰ Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 29-июлда саат 21:00дө башталат.
Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты
29 июля 202529 июл 2025
~1 мин