Каракол шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны токтотуу боюнча иштердин алкагында жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзам бузуулар аныкталды. Мурдагы директор жана подрядчы жетекчиси камакка алынды. 🔍 Каракол шаарында коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сатып алуулар жана жолдорду капиталдык оңдоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. 🚧 2023-жылдын август айында Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ОсОО «Г-У» курулуш компаниясынын жетекчиси Г.Ш.Г. менен мыйзамсыз түз келишим түзгөн. 💰 Жакыпов көчөсүн 660 метр узундукта капиталдык оңдоо үчүн түзүлгөн келишимдин суммасы 24,5 млн сомду түзгөн. 📉 Текшерүү учурунда иш сапатсыз материалдар менен аткарылганы жана көлөмү 3 млн 62 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды, бул мамлекетке өзгөчө чоң зыян келтирди. 🕵️ Экс-директор жана подрядчы уюмдун жетекчиси кармалы
Караколдо көчөлөрдү оңдоодо мыйзам бузуулар: аткаминер менен подрядчик кармалды
28 июля 202528 июл 2025
~1 мин