Баткенде 34 жаранга 4,8 га жайыт жерлери мыйзамсыз берилди. Ишке Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аралашкан. 🔍 Баткен облусунда 34 жаранга мыйзамсыз түрдө 4,8 гектар жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилген. ⚖️ Бул мыйзам бузуу жөнүндө Башкы прокуратура маалымдады. 🏞️ Жайыт жерлери Баткен шаарынын Чет-Булак массивинде жайгашкан. 👥 Ишке Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Баткен регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана мамлекеттик “Кадастр” мекемесинин Баткен филиалынын кызматкерлери аралашкан. 🕵️♂️ Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.