Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 283-284-чакырымдарында (Арал-Казарман бөлүгү) 24-июлда болгон ири таш кулоонун кесепеттерин жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жолдон 4 000 кубометрге жакын таш тазаланды. Жалпы көлөмү болжол менен 70 000-80 000 кубометрди түзөт. Тазалоо иштерине экскаваторлор, жүктөгүчтөр, Howo маркасындагы жүк ташуучу унаалар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышууда. Тазалоо күчөтүлгөн режимде уланууда. Жүргүнчүлөргө Казарман-Ак-Талчат жолу аркылуу айланып өтүү сунушталууда. Министрлик кырдаалды көзөмөлдөп, айдоочуларды тоолуу жолдордо этият болууга чакырат. 🌄 Бишкек шаарынан Казарман аймагына чейинки альтернативдик Түндүк-Түштүк жолунун 283-284-чакырымдарында 24-июлда болгон чоң таш кулоонун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. 🛠️ Бүгүнкү күнгө карата жолдун үстүнөн 4 000 кубометрге жакын таш тазаланды. Ал эми алдын ала эсептөөлөр боюнча, жалпы көлөмү 70 000ден 80 000 кубометрге чейин жетет. 🚜 Тазалоо
Түндүк-Түштүк жолундагы таш кулоодон кийин тазалоо иштеринин жүрүшү жөнүндө Транспорт министрлиги билдирди.
26 июля 202526 июл 2025
1 мин