Бишкек, 25.07.25. Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалды. Ал мас абалындагы айдоочуну жоопкерчиликтен качырган деп шектелүүдө. 🚔 Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. 🔍 2025-жылдын 5-июлунда милициянын прапорщиги К.Т.К. рейд учурунда Chevrolet Spark унаасын токтотуп, айдоочусунун мас абалында экенин жана айдоочулук күбөлүгү жоктугун аныктаган. 📝 Инспектор мыйзамдуу чара көрүүнүн ордуна, Ош облустук наркологиялык борборуна жалган маалымат берип, медициналык кароого унаанын жүргүнчүсүнүн аты-жөнүн көрсөткөн. Натыйжада, чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен качып кеткен. 🚗 Автомобиль мыйзамдуу протоколдор түзүлбөстөн, айдоочуга кайтарылып берилген. 👮 23-июлда Ош шаарынын УВДсынын эртең мененки жыйынында инспектор К.Т.К. ГКНБ жана ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан суракка чакырылып, кармалып, Ош шаарындагы ГКНБ СИЗОсуна киргизилди. 🔎 Тергөө
Ош шаарында патрулдук милицияда коррупция факты аныкталды: прапорщик кармалды.
25 июля 202525 июл 2025
~1 мин