Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова «Hyundai Rotem» компаниясынын баш кеңсесине барып, темир жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
🚄 Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова “Hyundai Rotem” компаниясынын штаб-квартирасына барды. Компания темир жол техникасын жана транспорттук инфраструктура чечимдерин өндүрүүдө адистешкен.
🔍 Элчи Исмаилова тез ылдамдыктагы поезддердин жана темир жолдун кыймылдуу курамын өндүрүү технологиялык процесси менен таанышты.
🤝 Жолугушууда элчи Кыргызстандын темир жол тармагындагы учурдагы абал жана өнүгүү келечеги жөнүндө маалымат берип, өлкөнүн темир жол тармагын модернизациялоо жана кеңейтүү үчүн жогорку потенциалын баса белгиледи.
💡 “Hyundai Rotem” компаниясы Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстанга делегация жөнөтүүгө даяр экенин белгиледи.
🌐 “Hyundai Rotem” — бул Hyundai Motor Groupтун курамына кирген алдыңкы түштүк кореялык машина куруу компаниясы, 40тан ашык өлкөгө продукциясын экспорттойт.