Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Министрлер кабинетинин башчысы Бишкектеги стадион жана конгресс-холл курулушун текшерди.

Премьер-министр Адылбек Касымалиев инспектировал строительство стадиона и конгресс-холла в Бишкеке. Стадион вместимостью 51 000 зрителей соответствует стандартам FIFA и станет крупнейшим в стране. Конгресс-холл будет важной площадкой для международных мероприятий. 🏗️ Бишкекте эл аралык класстагы стадион жана конгресс-холл курулууда. ⚽️ 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган заманбап стадион FIFAнын стандарттарына ылайык курулуп, өлкөдөгү эң ири спорттук жай болуп калат. 🏟️ Стадион кыргыз боз үйүнүн образы менен шыктанган уникалдуу архитектуралык чечими менен айырмаланат. 70 метр бийиктиктеги, диаметри 280 метрлик сегиз кабаттуу имарат кыргыз спортуна визиттик карточка болуп калат. 🚗 Жанкүйөрлөр үчүн 1 800 унаа токтотуучу жай каралган, ал эми кошумча долбоорлоо менен 3 000 орунга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. 💼 Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объекттердин курулушу өлкөнүн келечегине, спорт жана туризмдин өнүгүшүнө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция экенин белг

Премьер-министр Адылбек Касымалиев инспектировал строительство стадиона и конгресс-холла в Бишкеке. Стадион вместимостью 51 000 зрителей соответствует стандартам FIFA и станет крупнейшим в стране. Конгресс-холл будет важной площадкой для международных мероприятий.

🏗️ Бишкекте эл аралык класстагы стадион жана конгресс-холл курулууда.

⚽️ 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган заманбап стадион FIFAнын стандарттарына ылайык курулуп, өлкөдөгү эң ири спорттук жай болуп калат.

🏟️ Стадион кыргыз боз үйүнүн образы менен шыктанган уникалдуу архитектуралык чечими менен айырмаланат. 70 метр бийиктиктеги, диаметри 280 метрлик сегиз кабаттуу имарат кыргыз спортуна визиттик карточка болуп калат.

🚗 Жанкүйөрлөр үчүн 1 800 унаа токтотуучу жай каралган, ал эми кошумча долбоорлоо менен 3 000 орунга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар.

💼 Адылбек Касымалиев мындай масштабдуу объекттердин курулушу өлкөнүн келечегине, спорт жана туризмдин өнүгүшүнө, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө инвестиция экенин белгиледи.

🏛️ Конгресс-холл Чыңгыз Айтматов проспектисинде, президенттин администрациясынын жанында курулууда жана ал эл аралык форумдарды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн заманбап талаптарга жооп бериши керек.

🌍 Конгресс-холлдун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууда чоң мааниге ээ.