Бишкекте жаштар курамасы бүгүн Сирия менен алгачкы оюнун өткөрөт. Оюн саат 20:00дө башталып, стадионго кирүү акысыз. Беш-Күнгейде Оман жана Бахрейн командалары беттешет. ⚽️ Бүгүн Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын жаштар курама командасы Сириянын командасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Оюн саат 20:00дө башталат. 🎤 Стадиондун эшиги саат 18:00дө ачылат жана коноктор үчүн концерттик жана көңүл ачуу программасы уюштурулат. 🏟️ Ошол эле учурда, саат 20:00дө Беш-Күнгөй айылындагы «Достук Арена» стадионунда Оман менен Бахрейндин курама командаларынын ортосунда дагы бир оюн өтөт. 🎟️ Бардык оюндарга кирүү акысыз. Бул турнир Азия Кубогуна (U-23) тандоо этабына даярдануу алкагында өткөрүлүүдө, ал 1-сентябрдан 9-сентябрга чейин Бишкекте өтөт. 📅 Тандоо раундунда Кыргызстандын курама командасы E тобунда Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка командалары менен беттешет.
Кыргызстандын улуттук футбол командасы бүгүн Сирия менен беттешет.
17 июля 202517 июл 2025
~1 мин