Бишкекте УКСтин мурдагы директору жана курулуш фирмасынын башчысы кармалды. Алар Иссык-Көлдөгү мектептин курулушунда мыйзамсыз акча которууга айыпталууда. 🏗️ Иссык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору У.С. жана курулуш фирмасынын башкы директору Х.А. кармалды. 🏢 2016-жылы Иссык-Көл облусундагы Советское айылында 150 орундуу мектеп жана спорт залынын курулушу үчүн тендер жарыяланган. 💰 Курулуш компаниясы Д.Л. тендерди утуп, 2023-жылдын ноябрына чейин курулушту бүтүрүүгө милдеттенген. 🔍 Компанияга 48 млн сом бөлүнүп, анын 35,2 млн сому өздөштүрүлгөн, бирок курулуш иштери али бүткөн эмес. ⚖️ У.С. жана Х.А. мыйзамсыз түрдө калган 12,8 млн сомду подрядчы уюмга өткөрүп берген. Азыркы учурда алар СИЗОго камакка алынды.
Мектепти бүтүрбөй акча алган: УКМК КР чиновник менен курулуш компаниясынын жетекчисин кармады.
17 июля 202517 июл 2025
1
~1 мин