Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстанда жашылча үрөндөрү үчүн 9 «акылдуу жылытуу жайынын» курулушу аяктап жатат.

Кыргызстанда 9 "акылдуу теплица" курулушу аяктап, пияз, корей калемпири жана бадыраң уруктары сыноодон өтүп жатат. Бул долбоордун максаты - импортко көз карандылыкты азайтуу жана жергиликтүү өндүрүштү бекемдөө. 🌱 Кыргызстанда 9 “акылдуу теплица” курулушу аяктап, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уруктары апробациядан өткөрүлүп жатат. 🇰🇬 Өлкө жашылча уруктары менен өзүн-өзү камсыз кылуу боюнча ишенимдүү кадам таштоодо. 🌿 Импортко болгон көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү бекемдөө жана уруктардын сапатын жогорулатуу аркылуу туруктуу камсыздоо системасын түзүү негизги максаттардын катарына кирет. 👨‍🌾 Бүгүнкү күндө иштердин жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев таанышты. 🎓 Кыргыз улуттук агрардык университетинин Скрябин атындагы жашылча уруктарын өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунда апробация жүргүзүлүүдө. Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрь айына планд

Кыргызстанда 9 "акылдуу теплица" курулушу аяктап, пияз, корей калемпири жана бадыраң уруктары сыноодон өтүп жатат. Бул долбоордун максаты - импортко көз карандылыкты азайтуу жана жергиликтүү өндүрүштү бекемдөө.

🌱 Кыргызстанда 9 “акылдуу теплица” курулушу аяктап, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уруктары апробациядан өткөрүлүп жатат.

🇰🇬 Өлкө жашылча уруктары менен өзүн-өзү камсыз кылуу боюнча ишенимдүү кадам таштоодо.

🌿 Импортко болгон көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү бекемдөө жана уруктардын сапатын жогорулатуу аркылуу туруктуу камсыздоо системасын түзүү негизги максаттардын катарына кирет.

👨‍🌾 Бүгүнкү күндө иштердин жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев таанышты.

🎓 Кыргыз улуттук агрардык университетинин Скрябин атындагы жашылча уруктарын өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунда апробация жүргүзүлүүдө. Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрь айына пландалган.

💰 Долбоордун жалпы наркы 3 миллион 485 миң АКШ долларын түзөт.