21-25-июль күндөрү Бишкектин борбордук көчөлөрүндө орто басымдагы жаратылыш газ түтүгүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу газ берүү убактылуу токтотулат.
🔧 Бишкек шаарында 21-июлдан 25-июлга чейин борбордук көчөлөрдүн бир катарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул чара орто басымдагы жер астындагы газ түтүгүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу кабыл алынган.
📍 Отключуу К.Акиева, Чүй, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов, Суюмбаев, Ж.Пудовкин, Суванбердиев, Киев жана Лев Толстой көчөлөрү менен чектелген аймакты камтыйт.
🏭 Ошондой эле “Кыргызавтомаш” заводу, макарон цехи жана “Жыргал” жана “Байтур” мончолору да убактылуу газсыз калат.
🛡️ “Бишкекгаз” бул иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
📅 Жаратылыш газын берүү кайрадан 25-июлда калыбына келтирилет деп күтүлүүдө.