Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевке жарым миллион сомдук сертификат тапшырылды.

Бишкек, 15.07.25 /Кабар/. Эдиль Байсалов паралимпиада чемпиону Жалалдин Абдувалиев менен жолугуп, паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болгонун куттуктады. Ал спортчуга жана анын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды, параспортту өнүктүрүүгө көңүл бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. 🏅 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 29-июнда Испаниядагы турнирде көзү азиз спортчулар арасында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болгон Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту. 🤝 Жолугушууга Кыргыз Республикасынын улуттук паратриатлон курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевдин гайд-коштоочусу Николай Ведмедь, Физикалык маданият жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиялык спортчу Гульназ Жузбаева катышты. 💰 Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан Жалалдин Абдувалиевге жана анын машыктыруучуларына акч

Бишкек, 15.07.25 /Кабар/. Эдиль Байсалов паралимпиада чемпиону Жалалдин Абдувалиев менен жолугуп, паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болгонун куттуктады. Ал спортчуга жана анын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды, параспортту өнүктүрүүгө көңүл бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

🏅 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 29-июнда Испаниядагы турнирде көзү азиз спортчулар арасында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болгон Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту.

🤝 Жолугушууга Кыргыз Республикасынын улуттук паратриатлон курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевдин гайд-коштоочусу Николай Ведмедь, Физикалык маданият жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиялык спортчу Гульназ Жузбаева катышты.

💰 Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан Жалалдин Абдувалиевге жана анын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.

👏 Байсалов спортчуну күч-кубат, спортко берилгендик жана коомго шыктандыруу тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирип, эл аралык аренада өлкөнү татыктуу көрсөтүүсүн белгиледи.

🇰🇬 Жалалдин Абдувалиев мамлекеттин параспортту өнүктүрүүгө көрсөткөн көңүл буруусуна ыраазычылык билдирип, республика жетекчилигинин колдоосу анын жаңы спорттук бийиктиктерди багынтуу жана Кыргызстандын атын дүйнөлүк аренада сыймыктануу менен көрсөтүү үчүн чоң мотивация экенин айтты.