Лос-Анджелес Олимпиадасынын расмий сайтында 2028-жылдагы Олимпиаданын расписаниеси жарыяланды. Биринчи квалификациялык мелдештер 12-июлда башталып, биринчи медалдар 15-июлда триатлон боюнча ыйгарылат. Жабылуу аземи 31-июлда өтөт. 🏅 2028-жылы Лос-Анджелесте өтө турган Олимпиада оюндарынын расмий графиги жарыяланды. 🏑 Алгачкы квалификациялык мелдештер 12-июлда башталат. Бул күнү хоккей, регби-7, баскетбол, суу полосу, гандбол, крикет жана футбол боюнча мелдештер өтөт. 🥇 Биринчи медалдар 15-июлда триатлон боюнча ойнотулат. Ошол эле күнү фехтование, дзюдо, жеңил атлетика, регби-7 жана атуу боюнча мелдештер да болот. 🥊 30-июль – Олимпиаданын акыркы күнү, бул күнү спортчулар бокс, күрөш, жеңил атлетика (марафон), велосипед жарышы, сүзүү, баскетбол жана волейбол боюнча медалдар үчүн күрөшөт. 🎉 Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 15-июлга караган түнү, ал эми жабылыш аземи 31-июлга караган түнү өтөт.
Лос-Анджелесте өтө турган 2028-жылкы Олимпиаданын толук расписаниеси жарыяланды
15 июля 202515 июл 2025
~1 мин