Сокулук районундагы коррупциялык схемаларда жер ээлери жана мамлекеттик кызматкерлер катышып, 200 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз курулушка өткөрүлүп, бир нече жаранга сатылган. Тергөө иштери жүрүп жатат. 🔍 Чүй облусунун Сокулук районунда айыл чарба жерлерин мыйзамсыз өздөштүрүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. 🗺️ Ири жер ээлери жана мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери 2012-жылдан бери айыл чарба жерлерин жеке курулушка берүү максатында мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүшкөн. 📜 Жерлерди бир нече жаранга бир эле учурда сатуу фактылары да аныкталды. 🔎 Чүй облусунун ИИБ тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, сот санкциясы менен тинтүүлөр жүргүзүлдү. 📂 Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө ишеним каттар, мыйзамсыз берилген мамлекеттик актылар, келишимдер жана башка далилдер алынган. 👥 К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. ⚖️ Башка адамдардын бул кылмышка тиешеси бар-жогу такталып, кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү