Баткен шаарындагы Кызыл-Дон кварталында заманбап милиция пунктунун курулушуна капсула коюлду. Бул демилге коопсуздукту камсыз кылуу жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу максатында ишке ашырылууда. 🚓 Баткен шаарындагы Кызыл-Дон кварталында заманбап милиция пунктунун курулушуна капсула салынды. 🏢 Бул демилге Баткен милиция башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртууга багытталган. 👮♂️ Жаңы имаратта милиция кызматкери үчүн кабыл алуу бөлмөсү жана анын үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуу жашоо шарттары түзүлөт. 👥 Бул бөлүм Келечек жана Кызыл-Дон микрорайондорунун 5000ден ашуун жашоочусуна кызмат көрсөтүп, жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча иштерди жүргүзөт. 🏗️ Кызыл-Жол кварталында дагы ушундай эле милиция пункту курулат.