Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте Манас эстелигинин постаментинин реконструкциясы аяктап жатат

Бишкек мэри Айбек Джунушалиев «Айкөл Манас» эстелигинин постаментинин реконструкциясын текшерди. Учурда постаменттын дубалдары капталып, эстелик орнотууга даярдалууда. Постаменттын бийиктиги 22,7 м, ал эми эстеликтин бийиктиги 10,3 м. 🇰🇬 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштерин текшерди. 🔧 Учурда постаменттин дубалдарын каптоо иштери жүрүп жатат, жана курулуш-монтаждоо иштери аяктоого жакын. 🏗 Постаменттин бийиктиги 22,7 метр, ал эми туурасы 6,2 метрден 2,5 метрге чейин кыскартылган. Статуянын бийиктиги 10,3 метрди түзөт. Постамент монолиттик темир-бетондон курулган жана 1 070 кв.метр бетон колдонулган. 🛠 Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына иштин сапатын жана объектти тапшыруу мөөнөтүн көзөмөлдөөнү тапшырды. 💡 “Бишкексвет” ишканасы “Бишкекглавархитектура” менен биргеликте эстеликтин жарыктандыруу маселесин карап чыгат. 📏 “Бишкекглавархитектура” эстеликтин долбоорун ишке ашыруу иштерине автордук көзөмөл жүргүзүп ж

Бишкек мэри Айбек Джунушалиев «Айкөл Манас» эстелигинин постаментинин реконструкциясын текшерди. Учурда постаменттын дубалдары капталып, эстелик орнотууга даярдалууда. Постаменттын бийиктиги 22,7 м, ал эми эстеликтин бийиктиги 10,3 м.

🇰🇬 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштерин текшерди.

🔧 Учурда постаменттин дубалдарын каптоо иштери жүрүп жатат, жана курулуш-монтаждоо иштери аяктоого жакын.

🏗 Постаменттин бийиктиги 22,7 метр, ал эми туурасы 6,2 метрден 2,5 метрге чейин кыскартылган. Статуянын бийиктиги 10,3 метрди түзөт. Постамент монолиттик темир-бетондон курулган жана 1 070 кв.метр бетон колдонулган.

🛠 Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына иштин сапатын жана объектти тапшыруу мөөнөтүн көзөмөлдөөнү тапшырды.

💡 “Бишкексвет” ишканасы “Бишкекглавархитектура” менен биргеликте эстеликтин жарыктандыруу маселесин карап чыгат.

📏 “Бишкекглавархитектура” эстеликтин долбоорун ишке ашыруу иштерине автордук көзөмөл жүргүзүп жатат.