Бишкек, 11.07.25 /Кабар/. Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш иштери кечигип жаткандыгына нааразы болгон жарандар менен жолугушуп, компанияга 10 күн ичинде маселелерди чечүүнү тапшырды. 🏗️ Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “НБК” курулуш компаниясынын жетекчиси жана компаниядан нааразы болгон жарандар менен жолугушту. 📅 Жолугушуу 10-июлда “немис кварталы” деп аталган аймакта өтүп, министр курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 🚧 Орунтаев компанияга курулуш иштерин тездетүү жана үлүш ээлери тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн 10 күн убакыт берди. 🔍 Компаниянын курулуш объекттери министрликтин көзөмөлүндө болору белгиленди.
Орунтаев «немис кварталындагы» үйдүн курулушун тездетүүнү талап кылууда
11 июля 202511 июл 2025
~1 мин