Жыргалан, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" лыжа базасы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүп, жылына 2 млн туристти кабыл алып, 5 миң жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө. 🌄 Иссык-Көл облусунда жайгашкан Жыргалан, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында “Ала-Тоо Резорт” аттуу жаңы тоо лыжа курорту курулууда. Бул курорт Борбордук Азиядагы эң ири курорттордун катарына кирип, жыл бою конокторду кабыл ала алат. Анын ачылышы Кыргызстандын кооз табиятын дүйнө жүзүнө таанытууга чоң салым кошот. 🔧 “Ала-Тоо Резорт” комплексин куруу үчүн 4 миң гектар жер бирдей аталыштагы мамлекеттик ишкананын карамагына берилген. Биринчи этапта “Жыргалан” курортунун курулушу 2026-жылдын кыш мезгилине чейин бүтөт деп пландалууда. Учурда курортко жол салуу иштери жүрүп жатат, электр линиясы мурунтан эле тартылган. 🚠 Австриялык компания 4 чакырым узундуктагы канат жолдун курулушун баштоого даярданып жатат. Канат жолдун жабдуулары Австриядагы заводдон этап-этабы менен жеткирилет. “Жыргалан” тури
«Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа базасы: жыл сайын өлкө казынасына 146 миллион евро салык түшөт.
11 июля 202511 июл 2025
1 мин