Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Албанияда «Ала-Тоо Резорт» долбоору таанытылды

Албанияда өткөн жолугушууларда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана «Ала-Тоо Резорт» долбоору тааныштырылды. Бишкек менен Тирана ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди. 🌍 Албанияда “Ала-Тоо Резорт” долбоору тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Албаниядагы элчиси Руслан Казакбаев 2025-жылдын 9-июлунда Тирана шаарында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. 🤝 Албаниянын премьер-министринин кабинет башчысы Синди Душку менен болгон жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселеси талкууланды. 🌆 Бишкек жана Тирана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, бир тууган шаарлар мамилесин орнотуу максатында Тирана шаарынын мэри Ануэла Ристани менен жолугушуу өттү. 📈 Элчи Казакбаев Албан инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин директору Лаура Плак менен Кыргызстандын Улуттук ин

Албанияда өткөн жолугушууларда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана «Ала-Тоо Резорт» долбоору тааныштырылды. Бишкек менен Тирана ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди.

🌍 Албанияда “Ала-Тоо Резорт” долбоору тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Албаниядагы элчиси Руслан Казакбаев 2025-жылдын 9-июлунда Тирана шаарында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.

🤝 Албаниянын премьер-министринин кабинет башчысы Синди Душку менен болгон жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселеси талкууланды.

🌆 Бишкек жана Тирана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, бир тууган шаарлар мамилесин орнотуу максатында Тирана шаарынын мэри Ануэла Ристани менен жолугушуу өттү.

📈 Элчи Казакбаев Албан инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин директору Лаура Плак менен Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттиги жана AIDA ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөштү.

💼 Тирана соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Албана Лакнори менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы соода байланыштарын активдештирүү маселелери каралды.

📊 Жолугушуулардын жыйынтыгында бизнес-форумдарды уюштуруу, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана тиешелүү соода-өнөр жай институттарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.