Бишкекте социалдык жактан аялуу, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизми сыноодон өтүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 154 арыздын ичинен 80и жактырылды. 🌟 Бишкекте социалдык жактан аялуу, аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизми сыноодон өтүп жатат. 📊 Бүгүнкү күнгө чейин райондук муниципалдык администрациялардын социалдык комиссиялары 14 жыйын өткөрүштү. 📈 Электрондук форматта ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн 154 арыз келип түшкөн, алардын ичинен 80и жактырылган. 🏢 Биринчи Май районунда каралган 30 арыздын баары кабыл алынып, Ленин районундагы 17 арыздын ичинен 10у, Октябрь районундагы 22 арыздын ичинен 5и, ал эми Свердлов районундагы 85 арыздын ичинен 35и жактырылган. 📋 Шаарга 200 квота бөлүнгөн. Арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери улантылууда.
Бишкекте ваучердик программага катышуу үчүн үй-бүлөлөрдү тандоо уланууда.
22 июля 202522 июл 2025
~1 мин