Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга мамлекеттик сапары учурунда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул документтер кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү, стандартташтыруу жана туризм тармагында кызматташуу боюнча келишимдерди камтыйт. 🇰🇬 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусун чыңдоого багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койду. 🤝 Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул кеңеш эки мамлекеттин өкмөт башчылары тарабынан жетектелип, соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика, транспорт, билим берүү жана илим тармагында терең өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу платформа болот. 📏 Стандартизация, метрология, продукциянын
Кыргызстан менен Тажикстан бир катар макулдашууларга кол койду (тизме)
8 июля 20258 июл 2025
1 мин