Президент Садыр Жапаров 8-9-июлда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына мамлекеттик сапар менен барат. Сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр, документтерге кол коюу жана маданий иш-чаралар өтөт. 🌍 Президент Садыр Жапаров 8-9-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына мамлекеттик сапар менен барат. 🤝 Сапардын алкагында Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн парламенттеринин спикерлери жана премьер-министри менен жолугушат. 📜 Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. 📈 Сапардын жүрүшүндө кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” концерти уюштурулат.