Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте кооптуу абалдагы бактарды кыюу иштери уланууда

Муниципалдык ишкана «Бишкекзеленстрой» шаардагы авариялык дарактарды санитардык кесүү жана алып салуу иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө. 🌳 Бишкек шаарында “Бишкекзеленстрой” муниципалдык ишканасы шаардык аймакта кооптуу абалда турган дарактарды санитардык кыркып, авариялык дарактарды алып салуу иштерин пландуу түрдө улантууда. 🪚 Лев Толстой көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки аралыкта 38 дарак санитардык кыркылып, 31 авариялык дарак алынып салынды. 🚧 Дэн Сяопин проспектисинде Алыкулов көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки аралыкта 25 дарак кыркылып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн коркунуч жараткан 22 дарак алынып салынды. 👷‍♂️ Бул иштерге 50дөн ашуун кызматкер жана атайын техника, анын ичинде 10 подъемник, 16 самосвал жана 3 манипулятор тартылган. 🔄 Иштер борбор калаанын бардык райондорунда пландуу режимде улантылууда, ал эми “Бишкекзеленстрой” шаар тургундарын уб

Муниципалдык ишкана «Бишкекзеленстрой» шаардагы авариялык дарактарды санитардык кесүү жана алып салуу иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

🌳 Бишкек шаарында “Бишкекзеленстрой” муниципалдык ишканасы шаардык аймакта кооптуу абалда турган дарактарды санитардык кыркып, авариялык дарактарды алып салуу иштерин пландуу түрдө улантууда.

🪚 Лев Толстой көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки аралыкта 38 дарак санитардык кыркылып, 31 авариялык дарак алынып салынды.

🚧 Дэн Сяопин проспектисинде Алыкулов көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки аралыкта 25 дарак кыркылып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн коркунуч жараткан 22 дарак алынып салынды.

👷‍♂️ Бул иштерге 50дөн ашуун кызматкер жана атайын техника, анын ичинде 10 подъемник, 16 самосвал жана 3 манипулятор тартылган.

🔄 Иштер борбор калаанын бардык райондорунда пландуу режимде улантылууда, ал эми “Бишкекзеленстрой” шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.