Президент Садыр Жапаров Азербайжанда өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана аймактык кызматташтыкты күчөтүү боюнча демилгелерди сунуштады. 🌍 Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. 🌱 Экономикалык өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү бири-бири менен тыгыз байланышта. 🔋 Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана айыл чарба менен өнөр жайда акылдуу инфраструктураны киргизүү боюнча биргелешкен аракеттерди бириктирүү сунушталууда. 🏔 Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле тоо экосистемаларын сактоодо активдүү кызматташууга даяр. 📜 Кыргызстан климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияны алдыга жылдырууда жана «Тоолуу жаштар жана климат» эл аралык платформасын түзүү демилгесин көтөрүүдө. 🗺 Кыргызстан 2030-жылга чейин өнүг