Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ошто заманбап эс алуу паркы ачылат

Ош шаарында заманбап эс алуу паркы курулууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев долбоорду өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Жаңы скверде үч кабаттуу унаа токтотуучу жай, мини-футбол аянтчасы, санитардык түйүндөр жана кафе курулат. Жекелик дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз ээлеп алынган жерлер бошотулат.

🌳 Ош шаарында заманбап эс алуу паркы курулууда.

👷‍♂️ Шаар мэри Женишбек Токторбаев курулуш иштерин жеке көзөмөлдөп, долбоорду сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

🌿 Шаар башчысы ташталган жана пайдаланылбаган жерлерди коомдук аймактарга айландыруу, жашыл аймактарды жана эс алуу зоналарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

🏞 Жекелик дарыясынын жээгиндеги жеке адамдар тарабынан ээлеп алынган жерлерди бошотуу жана курулуш чектерин жээктен 10 метр алыстатуу боюнча көрсөтмө берди.

🏗 Жаңы скверде үч кабаттуу 156 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, мини футбол аянтчасы, заманбап санитардык түйүндөр, эс алуучулар үчүн кафе жана башкы кире бериште кооздук арка куруу пландалууда.

🚶‍♀️ Учурда парктын аймагында сугаруу системасы орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар плиткалары төшөлүүдө.