Бишкек, 02.07.25 /Кабар/. Адылбек Касымалиев 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууну бекитүү тууралуу токтомду кабыл алды. Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи. 🌞 Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде министрлер кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана министрлер кабинетинин токтом долбоорлору каралды. 🔋 Иссык-Көл облусунун Иссык-Көл районундагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорунун инвестициялык келишими министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. ⚡️ Энергетика министри Таалайб
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат
2 июля 20252 июл 2025
1 мин