Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

«Манас» аэропортундагы акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жай жабылды. Эми кайда токтотсо болот?

Бишкек, 29.06.25 /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу төлөмдүү унаа токтотуучу жай убактылуу жабылды. Жаңы унаа токтотуучу жай ички каттамдар залынын жанында ачылды. Келгендерди негизги жолдо унаа калтырбоого чакырышты. 🚧 “Манас” эл аралык аэропортундагы аэровокзалдык комплексинин аймагында оңдоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, бүгүнтөн баштап вокзал алдындагы акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайдын иши токтотулат. 🅿️ Жүргүнчүлөрдүн жана тосуп алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн аэропорттун имаратынын оң жагында, ички каттамдар залынын кире беришинде жаңы унаа токтотуучу аймак ачылды. 🚗 Аэропорттун басма сөз кызматы бардык конокторду негизги жол боюнда унааларды калтырбоого чакырды, бул тыгындардын алдын алууга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздык жаратпоого жардам берет. ✈️ Бул чаралар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу жана аэропорттун аймагындагы кыймылды жакшыртуу максатында киргизилген.

Бишкек, 29.06.25 /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу төлөмдүү унаа токтотуучу жай убактылуу жабылды. Жаңы унаа токтотуучу жай ички каттамдар залынын жанында ачылды. Келгендерди негизги жолдо унаа калтырбоого чакырышты.

🚧 “Манас” эл аралык аэропортундагы аэровокзалдык комплексинин аймагында оңдоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, бүгүнтөн баштап вокзал алдындагы акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайдын иши токтотулат.

🅿️ Жүргүнчүлөрдүн жана тосуп алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн аэропорттун имаратынын оң жагында, ички каттамдар залынын кире беришинде жаңы унаа токтотуучу аймак ачылды.

🚗 Аэропорттун басма сөз кызматы бардык конокторду негизги жол боюнда унааларды калтырбоого чакырды, бул тыгындардын алдын алууга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздык жаратпоого жардам берет.

✈️ Бул чаралар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу жана аэропорттун аймагындагы кыймылды жакшыртуу максатында киргизилген.