Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Айбек Абдымомунов Саха Республикасында этноспорт боюнча кызматташууну талкуулады.

Якутск шаарында өткөн XXII Манчаары оюндарынын ачылышында Кыргызстан делегациясы катышты. Жолугушууда 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында якут күрөшү хапсагайды кошуу талкууланды. 🏅 Якутск шаарында XXII Манчаары оюндарын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул улуттук спорт түрлөрү боюнча спартакиадага Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдиль Байсалов жана Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов катышты. 🤝 Сапардын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү Саха Республикасынын өкмөтүнүн төрага орун басары Сергей Местников менен жолугушуп, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россиянын курама командасынын катышуусу жана хапсагай күрөшүн расмий спорт программасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 🏟️ Айбек Абдымомунов Ытык-Кюёль айылындагы жаңы «Дьулуруйар Ньургун Боотур» стадиону жана А. Е. Турнин атындагы Спорт сарайынын ачылышына катышты. 🌍 Манчаары оюндары этноспорт та

Якутск шаарында өткөн XXII Манчаары оюндарынын ачылышында Кыргызстан делегациясы катышты. Жолугушууда 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында якут күрөшү хапсагайды кошуу талкууланды.

🏅 Якутск шаарында XXII Манчаары оюндарын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул улуттук спорт түрлөрү боюнча спартакиадага Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдиль Байсалов жана Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов катышты.

🤝 Сапардын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү Саха Республикасынын өкмөтүнүн төрага орун басары Сергей Местников менен жолугушуп, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россиянын курама командасынын катышуусу жана хапсагай күрөшүн расмий спорт программасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

🏟️ Айбек Абдымомунов Ытык-Кюёль айылындагы жаңы «Дьулуруйар Ньургун Боотур» стадиону жана А. Е. Турнин атындагы Спорт сарайынын ачылышына катышты.

🌍 Манчаары оюндары этноспорт тармагында диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Кыргызстан ар дайым кызматташууга жана спорттук байланыштарды чыңдоого ачык.