Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Министрлер кабинети КРдин 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына сунуштарды чогултууда.

КРнын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында министрлер кабинети иш-чаралар Планын иштеп чыгууда. Мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жарандык активисттер жана ишкерлердин катышуусу чакырылат. Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарына жетүүнүн негизги куралы боло турган Иш-чаралар планын иштеп чыгууну баштады. 📝 Мамлекеттик саясат чараларын пландаштырууга ар тараптуу жана ачык мамиленин маанилүүлүгүн эске алуу менен, министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды бул Планды түзүүгө катышууга чакырат. 📋 Түшкөн сунуштарды системалаштыруу үчүн атайын формуляр иштелип чыккан. Толукталган формулярды plan2030@mail.gov.kg электрондук дарег

КРнын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында министрлер кабинети иш-чаралар Планын иштеп чыгууда. Мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жарандык активисттер жана ишкерлердин катышуусу чакырылат. Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарына жетүүнүн негизги куралы боло турган Иш-чаралар планын иштеп чыгууну баштады.

📝 Мамлекеттик саясат чараларын пландаштырууга ар тараптуу жана ачык мамиленин маанилүүлүгүн эске алуу менен, министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды бул Планды түзүүгө катышууга чакырат.

📋 Түшкөн сунуштарды системалаштыруу үчүн атайын формуляр иштелип чыккан. Толукталган формулярды plan2030@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү өтүнүлөт. Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат.

🤝 «Бардык кайдыгер эмес жарандарды өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү жана туруктуу келечеги үчүн жалпы ишке салым кошууга чакырабыз!», – деп айтылат билдирүүдө. Формулярды толтуруу үчүн шилтеме аркылуу өтүүгө болот.