Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кант шаарында «Мен чемпион» спорт оюндарынын ачылышы болду

Кант шаарында «Мен чемпион» спорттук оюндардын ачылышы болуп өттү. Иш-чарада спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер 30-июнга чейин уланат. 🎉 Кант шаарында “Мен чемпионмун” аттуу спорттук оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. 🤝 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева жана урматтуу коноктор катышты. 🏆 Оюндар өспүрүмдөр жана жаштар арасында өткөрүлүп, регионалдык спорт мектептеринин өкүлдөрү катышууда. Мелдештер 30-июнга чейин созулат. 🥋 Оюндардын алкагында грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, алыш күрөшү, кыргыз күрөш, бокс, оор атлетика, жеңил атлетика, стол тенниси, тогуз коргоол, дзюдо, баскетбол, футбол жана волейбол боюнча мелдештер пландаштырылган. 🏅 Бул иш-чаралар жаштарды спортко тартууга жана алардын ден соолугун чыңдоог

Кант шаарында «Мен чемпион» спорттук оюндардын ачылышы болуп өттү. Иш-чарада спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер 30-июнга чейин уланат.

🎉 Кант шаарында “Мен чемпионмун” аттуу спорттук оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

🤝 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева жана урматтуу коноктор катышты.

🏆 Оюндар өспүрүмдөр жана жаштар арасында өткөрүлүп, регионалдык спорт мектептеринин өкүлдөрү катышууда. Мелдештер 30-июнга чейин созулат.

🥋 Оюндардын алкагында грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, алыш күрөшү, кыргыз күрөш, бокс, оор атлетика, жеңил атлетика, стол тенниси, тогуз коргоол, дзюдо, баскетбол, футбол жана волейбол боюнча мелдештер пландаштырылган.

🏅 Бул иш-чаралар жаштарды спортко тартууга жана алардын ден соолугун чыңдоого багытталган.