Москвада Кыргызстандын жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Алмаз Имангазиев жана Михаил Галузин кыргыз-россиялык мамилелерди талкуулап, миграция жана кыргызстандыктардын Россиядагы статусу боюнча маселелерге көңүл бурушту.
🌍 Москвада Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузиндин ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
👥 Өзгөчө көңүл миграция жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында болуу тартиби боюнча маселелерге бурулду.
🛂 Жаңы кирүү эрежелери, кыргыз жарандарынын миграциялык каттоосу, алардын убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу, орус тили боюнча тестирлөө жана чек ара көзөмөлүнөн өтүү сыяктуу маселелер каралды.
📚 Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын сунуштары Евразия экономикалык союзуна мүчөлүк жана Кыргыз Республикасында орус тилинин жогорку статусун эске алуу менен киргизилди.
🤝 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн тыгыз байланыштарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.