Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Москвада КР жарандарынын РФтеги укуктук абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өттү.

Москвада Кыргызстандын ТИМ жетекчилиги менен өткөн жыйында Россиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу жана миграциялык мыйзамдар боюнча маалымат берүү маселелери талкууланды. 🇰🇬 Москвада Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жетекчилиги астында жыйын болуп өттү. Жыйынга КРдин Орусиядагы элчиси жана Екатеринбург, Новосибирск, Казань жана Санкт-Петербург шаарларындагы Кыргызстандын башкы консулдары катышты. 🗣 Жыйында Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы жашоо-шарттары талкууланды. Өзгөчө көңүл миграциялык мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктук абалын жөнгө салууга бурулду. 📅 Кыргызстандын жарандарына 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Орусияда калуу статусун легалдаштыруунун зарылдыгы жөнүндө кеңири маалыматтык-туура түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул иш-чаралар Орусия Федерациясынын Президентинин Указына ылайык жүргүзүлүшү керек. 🤝 Имангазиевдин Москвага болгон са

Москвада Кыргызстандын ТИМ жетекчилиги менен өткөн жыйында Россиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу жана миграциялык мыйзамдар боюнча маалымат берүү маселелери талкууланды.

🇰🇬 Москвада Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жетекчилиги астында жыйын болуп өттү. Жыйынга КРдин Орусиядагы элчиси жана Екатеринбург, Новосибирск, Казань жана Санкт-Петербург шаарларындагы Кыргызстандын башкы консулдары катышты.

🗣 Жыйында Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы жашоо-шарттары талкууланды. Өзгөчө көңүл миграциялык мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктук абалын жөнгө салууга бурулду.

📅 Кыргызстандын жарандарына 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Орусияда калуу статусун легалдаштыруунун зарылдыгы жөнүндө кеңири маалыматтык-туура түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул иш-чаралар Орусия Федерациясынын Президентинин Указына ылайык жүргүзүлүшү керек.

🤝 Имангазиевдин Москвага болгон сапарынын алкагында, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде жолугушуу өтөт. Жолугушууга Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышып, миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жана аймактардагы абал талкууланат. Жарандарыбызга мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берүү боюнча биргелешкен иш-чараларды күчөтүү маселеси да көтөрүлөт.

🔍 Бул жолугушуулар Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында өткөрүлүүдө.