Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Нарын облусунда 600гө жакын дыйкан жеңилдетилген каржылоого ээ болушту

2025-жылдын 20-июнуна карата Нарын облусунда "Айыл чарбасын каржылоо – 13" долбоорунун алкагында 390,26 млн сомго 578 кредит берилди. Бул каражаттар өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана техниканы лизинг аркылуу алуу үчүн колдонулду.

🌾 Нарын облусунда “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору алкагында 578 кредит берилди, жалпы суммасы 390,26 млн сомду түздү.

💰 Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражаттар өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгын колдоо жана техника сатып алууну лизингге алуу үчүн багытталган.

🌱 Өсүмдүк өстүрүү үчүн жалпы 23,5 млн сомдук 66 кредит берилди. Нарын районунда 13 кредит 3,3 млн сомго, Ат-Башы районунда 16 кредит 5,55 млн сомго, Ак-Талаа районунда 3 кредит 1,38 млн сомго, Кочкор районунда 30 кредит 11,4 млн сомго, Жумгал районунда 4 кредит 1,9 млн сомго берилди.

🐄 Мал чарбачылыгы үчүн 341,3 млн сомдук 500 кредит берилди. Нарын районунда 121 кредит 80,2 млн сомго, Ат-Башы районунда 69 кредит 46,05 млн сомго, Ак-Талаа районунда 66 кредит 50,2 млн сомго, Кочкор районунда 156 кредит 108,7 млн сомго, Жумгал районунда 87 кредит 56,1 млн сомго берилди.

🚜 Лизинг үчүн 25,4 млн сомдук 12 кредит берилди. Нарын районунда 5 кредит 12,8 млн сомго, Ат-Башы районунда 2 кредит 4,18 млн сомго, Ак-Талаа районунда 3 кредит 4,48 млн сомго, Кочкор районунда 1 кредит 2,93 млн сомго, Жумгал районунда 1 кредит 1,05 млн сомго берилди.

📈 “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоору айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексин модернизациялоону максат кылат.