Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Малайзиядагы иш сапарында Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып, палестин элинин өз алдынча мамлекет куруу укугун колдой турганын билдирди. 🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, бул аймактагы абалды туруксуздаштыруу коркунучун жаратканын белгиледи. 🕊️ Кыргызстан бардык тараптарды абалды курчутууга алып келүүчү аракеттерден алыс болууга жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. 🚨 Газа секторундагы трагедиялык окуялар дагы эле уланып жаткандыгын баса белгиледи. БУУнун мүчө мамлекеттери катары бул маселени чечүүнүн жолдорун биргелешип издеп, тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуу биздин милдетибиз деп эсептейбиз. 🌍 Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте БУУну

Президент Садыр Жапаров Малайзиядагы иш сапарында Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып, палестин элинин өз алдынча мамлекет куруу укугун колдой турганын билдирди.

🇰🇬 Президент Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, бул аймактагы абалды туруксуздаштыруу коркунучун жаратканын белгиледи.

🕊️ Кыргызстан бардык тараптарды абалды курчутууга алып келүүчү аракеттерден алыс болууга жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

🚨 Газа секторундагы трагедиялык окуялар дагы эле уланып жаткандыгын баса белгиледи. БУУнун мүчө мамлекеттери катары бул маселени чечүүнүн жолдорун биргелешип издеп, тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуу биздин милдетибиз деп эсептейбиз.

🌍 Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аракеттерин колдойт. Бул аракеттер согуштук аракеттерди токтотууга, Газа секторундагы гуманитардык кризисти жеңүүгө, саясий диалогду баштоого жана палестино-израиль жаңжалын БУУнун резолюцияларынын жана “эки элге эки мамлекет” принцибинин негизинде тынчтык жолу менен чечүүгө багытталышы керек.

🤝 Кыргыз Республикасы палестин элинин өзүн-өзү аныктоо, өз алдынча мамлекет түзүү жана БУУга толук кандуу мүчө катары кирүү укугун тааныйт жана колдойт.