ОАО «Гарантиялык фонд» экспорт жана импортту алмаштыруучу ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү күчөтүүдө. 2025-жылы экспорттук бизнеске 77,2 млн сом кепилдик берилип, 191,9 млн сом кредит алууга шарт түзүлдү. 🌐 ОАО «Гарантиялык фонд» экспорт жана импортту алмаштыруу тармагында иштеген ишкерлерди колдоону күчөтүүдө. Эл аралык рынокторго багытталган бардык компаниялар артыкчылыктуу кепилдик колдоосун алып, активдүү өнүгүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө жана керектүү каржылоону тартууга мүмкүнчүлүк алышат. 📊 2025-жылдын 17-июнуна карата экспортко багытталган ишкердик субъекттерине 1,6 миллиард сомдон ашык суммада кепилдик колдоосу көрсөтүлдү. Бул 5,6 миллиард сом көлөмүндөгү кредиттик ресурстарды тартууга өбөлгө түздү. 💼 2025-жылы 17-июнга карата экспорттук бизнеске колдоо көрсөтүү алкагында 77,2 миллион сом суммада кепилдиктер берилген, бул ишкерлерге 191,9 миллион сом көлөмүндө кредит алууга мүмкүнчүлүк берди. 🇰🇬 ОАО «ГФ» «Кыргызстанда жасалган» Улуттук экспорттук программасын ишке ашыруу алкагын