Бишкекте 26-июнда саат 10:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул «Тунгуч», «Рухий Мурас», «44 Га», «50 Га Кырман» аймактарына тиешелүү. Оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тургундардан суу камдап алуулары суралат.
🚰 Бишкекте 26-июнь күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
🔧 Суунун өчүрүлүшү “Сельский” суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.
🏠 Суу өчүрүлө турган аймактар: “Тунгуч” микрорайону, “Рухий Мурас”, “44 Га”, “50 Га Кырман” жаңы конуштары.
🏥 Суунун өчүрүлүшү турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине таасир этет.
💧 “Бишкекводоканал” мекемеси ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсыз болууга чакырат.