Чалдовар айылында ферула өстүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча семинар өттү. Иш-чара фермерлерди колдоо жана инвестицияларды тартууга багытталган. 🌿 Чалдовар айылында ферула өсүмдүгүн өстүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо маселелерине арналган семинар өттү. 👩🌾 Семинарга Москва, Панфилов жана Жайыл райондорунан келген фермерлер жана адистер катышты. 📋 Бул иш-чара 2024-жылдын 9-сентябрында №537 токтом менен бекитилген иш-чараларды ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, феруланын жаратылыштагы запастарын сактоо жана калыбына келтирүү, плантацияларды түзүү, анын өстүрүлүшүн стимулдаштыруу, кайра иштетүүнү өнүктүрүү, экспорттук багыттуулукту жана бул тармакка инвестицияларды тартууну көздөгөн. 🌱 Катышуучулар Чалдовар айылында 95 гектар аянтта феруланы өстүрүү боюнча тажрыйба менен таанышып, кайра иштетүү технологияларын жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү. 📚 Айыл чарба министрлиги тарабынан даярдалган теориялык жана практикалык материалдар фермерлер тарабынан оң бааланга
Чүй облусунун фермерлери феруланы өстүрүү жана кайра иштетүү технологияларына үйрөтүлдү.
23 июня 202523 июн 2025
~1 мин