Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Жыргаланга лыжа базасын өнүктүрүү үчүн жол, жарык жана суу тартылууда

Караколдон Жыргаланга чейинки 65 км жолду капиталдык оңдоо пландалууда. Учурда асфальттоо жана курулуш объекттерин электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

🚧 Каракол менен Жыргалан айылын бириктирген 65 чакырымдык автожолдун капиталдык оңдоп-түзөө иштери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан пландалууда.

🛣️ Учурда Караколдон Чындан айылына чейинки жолдо эски асфальт катмары бар, ал эми Чындандан Жыргаланга чейинки 14 чакырымдык жол шагылдуу.

🔨 Биринчи этапта жыл аягына чейин 7,5 чакырым жол асфальтталышы күтүлүүдө.

⚡ Курулуш аянттарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Энергетика министрлиги менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

💧 Суу менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн Айыл чарба министрлиги таза суу булактарын аныктап, саркынды сууларды агызуу объектилерин куруу боюнча долбоор даярдоодо.

🏞️ Курорт ишке киргизилгенден кийин өлкө экономикасы үчүн кирешелүү объекттердин бири болору күтүлүүдө.