Бишкек шаарында Курманжан Датка көчөсүндөгү магистралдык жылуулук түйүнүн реконструкциялоо иштери уланууда. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев сапатты баса белгилеп, жумуштарды ылдамдатууну тапшырды.
🏗️ Бишкек шаарында Курманжан Датка көчөсүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.
👷 Шаар башчысы Айбек Жунушалиев курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, реконструкциянын ылдамдыгын жана сапатын жогорулатуу боюнча тапшырма берди.
🔧 Учурда эски жылуулук лотокторун демонтаждоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, Чүй проспектисинин кесилишинде жолдун асфальтталышы аяктады.
🚧 Эски түтүктөрдү жаңы, диаметри 700 мм болгон түтүктөргө алмаштырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүктө диаметри 426 мм түтүктөрдүн орнотулушу аяктады, эми үстүнкү лотокторду орнотуу жана кайра топурак менен жаап коюу иштери башталды.
🏢 Муниципалдык аймакты өз алдынча ээлеп алган объекттерди демонтаждоо маселесине да өзгөчө көңүл бурулууда.