Куала-Лумпурда өткөн Азия футбол конфедерациясынын конференциясында Азиядан келген 100дөн ашуун директор жана машыктыруучу менеджерлер келечектеги машыктыруучулук билимди талкуулашты. Кыргызстандан Нурсултан Усенов жана Алмазбек Мирзалиев катышууда. ⚽️ Куала-Лумпурда Азия футбол конфедерациясынын “Келечектеги машыктыруучулардын билим берүүсүн калыптандыруу” деген темадагы конференциясы өтүп жатат. 👥 Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун техникалык директорлор жана машыктыруучуларды окутуу боюнча менеджерлер катышып жатат. 🇰🇬 Кыргызстандын атынан конференцияга техникалык бөлүмдүн адиси Нурсултан Усенов жана инструктор Алмазбек Мирзалиев катышууда. 📚 Конференциянын программасы интерактивдүү лекцияларды, практикалык семинарларды жана машыктыруучуларды окутуунун негизги багыттарын талкуулоону камтыйт. 🏆 АФКнын техникалык директору Энди Роксбург белгилегендей, машыктыруучуларды келечектеги чакырыктарга даярдоо үчүн зарыл болгон билим жана жөндөмдөр менен камсыз кылуу маанилүү.
КФС АФКнин машыктыруучулук билимди өнүктүрүү конференциясына катышууда
20 июня 202520 июн 2025
~1 мин