Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Баткенде эң ири асфальт-бетон заводу ишке кирүүдө.

Баткендеги Чет-Булак өнөр жай аймагында курулган асфальт заводу августта ишке кирет. Завод күнүнө 1000 тонна асфальт чыгарып, 20-30 жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздайт.

🌍 Баткен шаарындагы Чет-Булак өнөр жай аймагында асфальтобетон өндүрүүчү завод ишке киргизилгени турат. Бул завод 2025-жылдын август айынын аягында иштей баштайт.

🏗 Завод толук курулуп бүтүп, учурда тесттик режимде ишке киргизүү жана жөндөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулушка 3 гектар жер бөлүнүп, 45 миллион сом сарпталган.

🔧 Завод Кытайдан алынган заманбап жабдуулар менен жабдылган. Асфальт өндүрүү үчүн керектүү чийки зат Кургак-Сайдан алынып, Баткен облусунун жолдорун оңдоо жана куруу үчүн колдонулат.

👷‍♂️ Завод күнүнө 1000 тонна асфальтобетон өндүрө алат жана 20дан 30га чейин жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылат. Заводдун ишке кириши менен аймактагы асфальт тартыштыгы кыйла азаят.

📈 Баткен облусунда быйыл 13 долбоор ишке ашырылып, жалпы суммасы 4 миллиард 193,4 миллион сомду түзөт. Бул долбоорлор региондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.