Нарын шаарында эски, авариялык абалдагы көпүрөлөрдүн ордуна үч жаңы көпүрө курулду. Жаңы көпүрөлөр 8 метр кеңдикте, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жана түнкү жарыктандыруучу күн панелдери менен жабдылган. 🌉 Нарын шаарында Үлкөн Нарын каналынан өткөн үч жаңы көпүрө ишке киргизилди. 👷♂️ Көпүрөлөрдүн курулушу Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында жүргүзүлүп, жалпы суммасы 8 млн 727 миң сомду түздү. Мэриянын өздүк салымы 500 миң сом болду. 🚗 Эски көпүрөлөр жарактан чыккан абалда болуп, бир гана унааны өткөрүүгө мүмкүндүк берген. Жаңы көпүрөлөрдүн туурасы 8 метрди түзүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө жол жана түнкү жарыктандыруу үчүн күн батареялары менен жабдылган. 🤝 Бул долбоор Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) жана Ага Хан фонду тарабынан каржыланды. 🔧 Жергиликтүү тургундар жана расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өткөн ачылыш аземи Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.